www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин маалымат катчысы Мадумаровго жооп кайтарды

Мадумаров мырза буга чейин өзүнүн мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмердүүлүгү учурунда “Ысык-Көл” мейманканасын калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө коомчулук алдында кандайдыр бир билдирүү жасаганы эсибизде жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Мейманкана Бишкектин аймагындагы жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер тизмесинен чыгарылган. Анткени имарат көп жылдар бою колдонулбай, эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. Президенттин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак. Мадумаровдун чет элдик инвесторлор тууралуу айткандары боюнча бүгүнкү күндө кайсыл бир чет элдиктерди тартуу маселеси турган жоктугун белгилейбиз. Аталган саясатчы ар бир «актуалдуу темада» «ызы-чуу жаратууга» аракет кылып жаткандай таасир калтырат», — деди Эрбол Султанбаев.

Эске салсак, Адахан Мадумаров бийликти «Ысык-Көл» мейманканасын бузууну токтотууга чакырган. Анын айтымында, өлкөдө Кыргызстанды символдоштурган тарыхый жерлер ансыз да аз. Ал мындан тышкары, мейманкананын бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости