www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр жол кырсыктардын негизги себебин айтты

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын негизги себебин айдоочулардын 60 пайыздан ашыгы тиешелүү окутуудан өтпөстөн айдоочулук күбөлүк алганы менен байланыштырууга болот. Бул маалыматты ички иштер министри Улан Ниязбеков Министрлер кабинетинин отурумунда айтты.

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгындагы отурум 25-декабрда өткөн.

Министрдин айтымында, 2020-жылдын 11 айында жалпы 5545 жол кырсыгы катталса, 2021-жылы 6820 жол кырсыгы каттоого алынган. Быйылкы сан былтыркыга салыштырмалуу 22,9 пайызга жогору.

«Жол кырсыктан жабыркагандардын 30 пайызы айдоочулар, 70 пайызы жүргүнчүлөр. Жол кырсыктардын негизги себеби катары айдоочулардын 60 пайыздан ашыгы тиешелүү окутуудан өтпөй, бирок айдоочулук күбөлүк алганын айтсак болот. Акыркы 3 жылдын ичинде жол кырсыктардын жалпы чыгымы 12 млрд 761 млн сомду түздү (жарандарга жана мамлекетке келтирилген зыян)», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости