www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бузулуп жаткан Ысык-Көл мейманканасы коомчулук арасында көптөгөн талаш-тартышты жаратып келет.

Бул боюнча Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев да өзүнүнү жеке пикири менен бөлүштү.

Анын айтымында, бул чечим абдан туура жана муну колдойт. Анткени Ысык-Көл мейманканасы эскирип, жарактан чыгып калган.

Ошондой эле Түлөбаев, тарыхый мурас болгон Ысык-Көл мейманканасына президенттин админстрациясы орношот деген кептер да айтылып жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, Адахан Мадумаров бийликти «Ысык-Көл» мейманканасын бузууну токтотууга чакырып,  өлкөдө Кыргызстанды символдоштурган тарыхый жерлер ансыз да аз экенин айткан.

Ал эми президенттин маалымат катчысы да буга: «Мейманкана Бишкектин аймагындагы жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер тизмесинен чыгарылган. Анткени имарат көп жылдар бою колдонулбай, эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. Аталган саясатчы ар бир «актуалдуу темада» «ызы-чуу жаратууга» аракет кылып жаткандай таасир калтырат», - деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости