www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров мал-жандыкка салык салуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан демилгеленип жаткан мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомчулукта терс пикирлерди жаратууда.

Мындай демилгени мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес.

Ага байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет: "Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын апрель айында фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат.

Демек, президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев малга салык киргизүүнү сунуштап жатат. Анын мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга коюлган болчу.

Депутат 1 жылга төмөнкүдөй салык салууну сунуштайт:

- кой-эчкиге (ар бир башка) 100 сомдон,

- бодо малга 250 сомдон,

- жылкыга 250 сомдон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости