www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ жалпы журтка кайрылуу жасаган. Кайрылууда президент мекендештерди мындай оор кырдаалда биригүүгө жана ынтымакка чакырган. Бул тууралуу 24.kg сайты жазып чыкты.

Сооронай Жээнбековдун кайрылуусу дээрлик бардык ММКларда жарыяланган. Жада калса социалдык тармактарда, мессенджерлерде кенен жайылып кеткени баарыбызга маалым. Ошондой эле президенттин пресс-кызматы расмий сайттын Youtube каналына дагы жүктөгөн. Өлкө башчынын элге болгон кайрылуусу кызуу талкуу жаратып, бири колдоого алса, экинчиси катуу сынга алды. Көп өтпөй каналдан видео ыкчам түрдө өчүрүлдү. Бирок видео эл арасында кенен тараган соң, президенттин пресс-кызматы видеону кайра жүктөгөн. Ал эми сюжеттин алдындагы билдирүүлөр жаңыртылды.

Аткаминерлер кечээ кечинде өлкө башчынын элге кылган кайрылуусунун видеосун эч кандай себебин айтпай туруп бардык жактан өчүрүшкөн.

«Бул видео жүктөгөн колдонуучу тараптан өчүрдү», — деп жазылууда.

Сооронбай Жээнбековдун пресс-кызматы Толгонай Стаматалиева азырынча буга карата түшүндүрмө бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости