www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 10-июль күнү милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район жашоочуларына түшүндүрүү иштерин улантышты. Андан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан мобилдик топтор түзүлүп, үн жогорулатуучу аппараттардын жардамдары менен жашоочуларды коомдук жайларга чыкканда бет каптарды тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, учурдагы талаптарды так сактоого чакырышты.

Кызматкерлер тарабынан соода-түйүндөрү, базарлар, коомдук тамактануучу жайлар жана техникалык тейлөө тармактарында текшерүүлөр жүргүзүлүп, талаптарды сактабаган коомдук жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Ошол эле учурда коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандар аныкталып аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андыктан Чүй ОИИББы жарандарды дарыгерлер тарабынан айтылган талаптарды так аткарып, коомдук жайларда аралыкты сактап, тазалыкка көңүл буруга чыкырып, зарылчылыктар жок болсо коомдук жайларга баруудан убактылуу баш тартуу зарыл экендигин эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости