www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында эртең, 14-июлда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Эфир 10:00дө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости