www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президентинин ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган «Өзбекстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорунда айтылды.
Документте Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын 90-беренесинин 2-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, башкача айтканда, «беш» деген сөздү «жети» деген сөзгө алмаштыруу каралган.
Белгилей кетсек, 90-беренеге ылайык, түз шайлоого чейин 10 жылдан кем эмес Өзбекстандын аймагында туруктуу жашаган, отуз беш жаштан жаш эмес, мамлекеттик тилди билген жана Өзбекстан Республикасынын жараны шайлана алат. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Өзбекстан Республикасынын Президенти боло албайт.
Президенттиктин акыркы мөөнөтү 2011-жылы алмашкан. Ошол эле учурда мөөнөттөр 7 жылдан 5 жылга кыскартылды.
Булак: NazarNews.kg