www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир күндүк айлык маянасын Түп районунун селден жабыркаган тургундарына которот. Мыдай чечим 10-августта профсоюздун отурумунда кабыл алынгандыгын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, августтун башында Түп районунун Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Кѳөчү, Корумду, Күрмѳнтү жана Балбай айылдарында сел жүрүп, айыл тургундарынын айдоо жерлерине жана жеке мүлкүнө зыян келтирилген.

Учурда куткаруучулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери аяктап, ӨКМден жана ЖК кызматтарынан бөлүнгөн инженердик техникалары жабыркаган арык каналдарды, селден агып келген кум шагылдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Накталай эмес которуулар үчүн:

  • БИК - 440405 счет – 4404051102000719
  • Накталай банктар аркылуу которуулар үчүн:
  • БИК – 440001 счет – 4404051102000719 төлөө коду 14411100

Последние новости