www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оогастанда калктын көпчүлүгү окуганды жана жазганды билбейт. Бул тууралуу АКШ өз аскерлерин Ооганстанга кайтарбайт. Мындай пикирди Вашингтон Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат билдирди. 

--"Талибандын Кабулду тез аранын ичинде ээлеп алуусуна конкреттүү бир кадам себеп болду деп айтуу туура эмес. Буга себеп болгон бир нече жагдай бар. Ооган борборун тез арада басып алабыз деп талибдер өздөрү дагы күтпөсө керек.

АКШ же Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстанда мамлекетти же мамлекеттүүлүктү курууга болгон бардык аракеттери толугу менен ийгиликсиз болуп чыкты.

Мунун себеби Ооганстанда коом күчтүү этникалык иденттүүлүккө бөлүнгөн. Ооганстан үчүн балким Батыш тибиндеги борборлоштурулган башкаруу ылайыктуу эмес.

Атүгүл ооган армиясын күчтүү кылып түзүү да кыйын болду, себеби калктын көп бөлүгү окуганды жана жазганды билбейт", - дейт профессор. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости