www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалым болгондой быйыл Бишкек мэриясы 8-апрелде "Электронное билетирование" деп аталган тендердин экинчи этабын өткөргөн.

Бул деген, эл бара - бара шаардагы коомдук транспорттордон баштап, кичи автобустарга чейин электрондук билет - карточка сатып алып, ошол боюнча жол кире төлөп калышат дегенди түшүндүрөт. Мына ушул маселе боюнча өткөрүлгөн тендерге (экинчи этапта) үч компания катышып, бардык талаптар боюнча кытайлык "Шанхай Шенту" компаниясы башка компаниялардан төмөн бааны, тактал айтканда бир билет - карточка үчүн 0,52 цент сунуштаган.

Ошондой эле кепилдик катары 150миң долларды мэриянын Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын эсебине алдын - ала которуп берген экен. Бирок мэрия болбогон шылтоолор менен аталган компанияны четке сүрүп, 0,70 цент сунуштаган Щвецариялык ВРС  Banking Technologies деп аталган компанияны жеңүүчү кылып койгон эле.
Анын үстүнө швейцариялык компания мэрияга кепилдик катары алдын - ала акча которгон эмес.

Тендерге катышкан үчүнчү компания орусиялык "Золотой Корона". Ал бир билет -карточка үчүн 0,88 сом сунуштаган. Мэрия кийин нааразычылык чыкпасын деген ниетте, өздөрүнүн сайтындагы 0,70 сом деп көрсөтүлгөн бааны оңдоп - түзөшүп, -0,49 цент деп оңдоп жазып коюшкан. Бирок тендерде өткөрүлгөн убакыттагы биринчи протоколдо 0,70 болуп жазылып калганын кайда катышат?

Бул чуулгандуу тендерди мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков шефи Суракматовдун көрсөтмөсү менен өткөрүп, болушунча чалмакейди чалгандыгы ачыкка чыгып калды.

Жеңүүчү болуп чыккан "Шан-хай-Шанту" компаниясынын өкүлдөрү тендер өткөрүүдө мыйзам одоно бузулганын баяндап, президентке, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Ал арыздын негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы иликтөө жүргүзүп, Бишкек мэриясы өткөргөн бул электрондук билет - карточка боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуу болгонун тастыктап, каржы жагын тактоо үчүн өз иликтөөлөрүн Каржы министрлигине жөнөткөн. Мындан тышкары, бул тендерде жеңүүчү болгон швейцариялык компаниянын коомдук транспортторду электрондук билеткарточкага өткөрүүгө тажрыйбасы да, тиешелүү даярдыгы да болгон эмес. Бир катар иш - кагаздары да талапка жооп бербей турганы айтылууда.

Мына ушуга карабастан мэр Азис Суракматов менен анын "шестёрка" досу, мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков экөө жакында Бишкекке мамлекеттин 300 млн. сомдон ашуун каражаты менен алынып келинген (60шы келген, дагы 9у келери айтылууда) автобустарды президент Жээнбековго көрсөтүп жаткан учурда, коомдук транспорттордо мындан ары электрондук билет - карточка боло турганын көрсөтүп, тендерде швейцариялык компаниянын жеңгенин айтып, ал компаниянын өкүлүнө электрондук билетти кантип колдонууга боло турганын көрсөтүп мактанышкан.

Мына ушундай. Көрсө, бул шаардын жек көрүндү жетекчилери президентти да минтип алдап, жолго салып, өздөрү кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп жатышкан кыңыр иштери минтип 40 күндө ачыкталып жатат. Бул тендерде миллиондогон сумма ойноп жатканы маалым. Ошондо, суракматовдор, койчубаковдор швейцариялык компанияны бекеринен сүрөп, жок жерден жеңүүчү кылып жатпаса керек. Анткени, кыргызда : "кур аякка бата жүрбөйт" деп тамаай айтылган кеп бар эмеспи. Эмнеге дегенде, биздин атка минерлердин көбү акча - тыйынга абдан "сонун бата" беришкенди абдан өздөштүрүп алышпадыбы...

Булак: Багыт.kg

 

Последние новости