www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чита аскердик гарнизондук сотунун айыптоочусу катардагы жоокер Руслан Мухатовго жатак абакка эки жылга эркинен ажыратылып, 30 миң рубль айып пул салууну сурады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Буга чейин Руслан Мухатов катардагы жоокер Рамиль Шамсутдиновду жана дагы бир жоокердин үй-бүлөсүн кордогондугун моюндаган.

Сержанттын буйругу менен Руслан кызматташтарын убактысынан ашыкча саат физикалык көнүгүүлөрдү жасоого мажбурлап, бокс кол кабы менен аларды сабаган. Ал эми Рамиль Шамсутдиновду туура эмес жерде тамеки чеккендиги үчүн тепкен. Ошол учурда Рамиль Шамсутдинов автомат менен 10 кишини атып салган.

Ошондой эле айыптоочу Руслан Мухатовдун күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучулардан кечирим сурагандыгын да эске алууну суранган. Мындан сырткары тергөөчүлөр Мухатовдун кордоосу менен Рамиль  Шамсутдиновдун кишилерди атып салгандыгынын ортосунда байланыш табышпагандыгын  билдиришкен.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 25-октябрында Шамсутдинов нөөмөттү тапшырууда ок ачкан, натыйжада 8 киши каза болуп, экөө оор жарадар болгон. Жоокер кишилерди атып салгандыгын аскердеги уставдык эмес мамиледен (дедовщина) жана аскер бөлүгүндөгү зордук зомбулуктан улам ушундай жолго баргандыгын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости