www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду колдоо митингги болуп өттү. Алар үч жыл мурун 2013-жылдагы окуялар үчүн соттолгон саясатчынын бошотулушун талап кылышты. Жапаров Караколдогу баш аламандыктар жана Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууга айыпталган.

Абал курчуп, аялдар Ак үйдүн жанына келип бийликти чыгып, жооп берүүнү талап кылышкан. Ак үйдүн күзөтчүлөрү аялдар келе жатканда шлагбаумду ылдый түшүрүп, дарбазаны жаап, суроолорго жооп бербей коюшкан.

Алар Ак үйдөн чыгып келе жаткан кызматкерлерге кол салып, тээп, урганга да жетишишти. Ак үйдөн чыгып келе жаткан, өзүн Жоргоку Кеңештин аппаратында иштейм деген аялды да тосуп алып, жулкунтуп, Ак үйдүн ичиндегилерди чыгарып бергиле деп талап кылып жатышты.

Ошондой эле, чыгып келе жаткан дагы бир кызматкерди кармап алып,  “Сооронбай Жээнбековду бизге алып кел” дегенде, ал аны таныбаарын айтты.

Албууттанган аялдардын арасында бир жашка чыга элек кичинекей баласын көтөргөн аял да бар. ал элдин арасында катуу талкууга түштү. Кичинекей баласын көтөргөн аялды “баласы менен үйүндө эле отура бербейби”, “жука кийинтип алганбы”, “эне болгондон кийин митингди эмне кылат, баласын ойлобойбу”, “баласы байкуш жалдырап, оозу ачылып, түшүнбөй жатат” деген пикирлер жамгырдай жаап жатат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыккандарды тараттуу учурунда, милиция кызматкери менен эл кагылышып, жаракат алгандар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости