www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдагы прокурорлордун ишинен кийин Биринчи Май райондогу прокурор Абдышевди эстейсиң айла жок. Ал кечээ эле бүгүнкү ажого кас болсо, бүгүн дос. Анын жүзүн экс-депутат Эркингүл Иманкожоева жакшы жазган эле. Ал мындай:

  «Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн Биринчи май райондук сотто Ө. Текебаевдин соту болуп жатат. Сотто Мамлекеттик айыптоочу болуп Башкы прокуратуранын прокурору Абдышев деген катышып жатат! Бул Жети-Өгүз районунда прокурор болуп иштеген. Бакиевдин убагында элди кордоп, укугун бузуп, приказ түздөн түз аткарып жүргөн адам эле.

7- апрелде Жети-Өгүз районунда жөө келе жаткан элди тосуп, "алгыла, камагыла!" деп, милиция менен өзү кошо сабаган, аялдарды да башка коюп, тепкен (видео материал бар), сүйрөп милициянын машинасына салган адам. Эми Текебаевди мамлекеттик каралоочу болуп жатат!

Бул Абдышев 2009-жылы президенттик шайлоодо Барскоонго келген Алмазбек Атамбаевди сүйлөттүрбөөгө, эл менен жолугуштурбоого аракет кылган. Жаш балдар менен конфликтке барып, сөгүнүп, согушканга чейин барып, Атамбевдин машинасын койдурбай кыянаттык кылган эле. Эми ушул адамга бийлик муктажбы? Кимдер келген? Революция кылып балдар эмнеге каза болгон? Кимдерди кубаладык эле? Алар кайра келип бийликте отурушат!” деп жазган.

Чын эле кимдер келди? Баягылар эле келди. Болбосо ошол кезди Атамбаев билбейби? Эртең Текебаев бийликке келгенде эмне дээр экен? Ушул бойдон Атамбаев менен кетеби, же?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости