www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо массалык мушташ болду

Каракол шаарында спортчулардын катышуусунда массалык мушташ болду. Маалым болгондой, алардын арасында олимпиадалык резерв боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн облусттук спорт мектебинин азыркы жана мурунку тарбиялануучулары жана машыктыруучулар бар. Айрым маалыматтар боюнча, мушташкандар эки тарапка бөлүнүп, бири спорт мектептин учурдагы директору Алим Молдобековду колдосо, экинчи тарап ага каршы чыгышкан. Ал эми, А.Молдобеков эмгек өргүүгө кеткенде, жетекчинин милдетин аткарууну машыктыруучулардын бирине калтырган.

Бул көрүнүш айрым машыктыруучуларга жакпай, пикир келишпестиктер жаралган. Бул чырга Караколдун чет тарабында жайгашкан Жаңы-Арык айылындагы спортчулар дагы аралашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мушташ учурунда жабыркаган бир адам комага түшкөн абалда ооруканага жеткирилген. Учурда ал өзүнө келип, травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. Массалык мушташ фактысы боюнча 2 адам кармалып, сурак берип жатканы белгилүү болду.

Булак: “Фабула”

Последние новости