www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу боюнча деталдаштырылган пландын ишке ашуусу тууралуу жумушчу жыйын өткөргөн.

Өкмөт башчы паракорчулук өлкөнүн олуттуу көйгөйү экенин, анын таасири мамлекеттик иштин дээрлик бардык чөйрөсүн алсыратып жатканын белгилеп, Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупциялык системаны жоюу боюнча иши формалдуу, алсыз жана жыйынтыгы жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнүн сынга алды. Кеңешменин соңунда Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Ырасында карапайым жарандар дагы ММКнын ишине ичтери чыкпай келет.

Учурда жетекчиси Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголуп, айыбы бар же жогу аныкталбай ара жолдо турат. Президенттик шайлоо жакындап калды. Демек, ММКнын жетекчисинин иши бир жаңсыл болууга тийиш. Күнөөсү жок болсо акталып ишин улантып, айыбы бар болсо кызматтан четтетилип, тиешелүү чара көрүлүп, ордуна башка адам дайындалып, шайлоонун камын көрүү зарыл.

Булак: “Фабула”

Последние новости