www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда «атайын операция» зонасында мобилизацияланган 80 миңдей жаран бар, алардын 50 миңдейи согуштук аракеттерге катышууда. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 7-ноябрда Тверь облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун губернатору Игорь Руденя менен жолугушууда билдирди.
«Учурда бизде 50 000 адам согуштук аракеттерге катышууда. Калгандары азырынча аскердик операцияларга катыша элек. Бирок «атайын операция» зонасында 80 000ге чейин адам бар. Калгандарынын баары полигондо», - деди Путин.
Эскерте кетсек, 21-сентябрда Орусия Федерациясынын президенти өлкөдө жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин, 28-октябрда Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Путинге өлкөдөгү мобилизация аяктаганын билдирди.
Өз кезегинде Путин 4-ноябрда армияга барууну каалаган ыктыярчылардын агымы азайбай жаткандыктан мобилизациялангандардын саны 318 миңге жеткенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg