www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин азы-түлүктүн кымбатташына Батышты күнөөлөдү

Орусиянын президенти Владимир Путин азык-түлүк рыногундагы дисбаланс Батыш өлкөлөрүнүн көзөмөлсүз экономикалык саясатынын түздөн-түз кесепети экенин айтты. Бул тууралуу ал Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен сүйлөшкөн соң айтканын РИА Новости кабарлады.

Путин менен Видодо бүгүн Кремлде жолукту.

"Албетте, биз бүгүн бүткүл дүйнөнү, бардык мамлекеттерди кызыктырган маселелерди талкууладык. Мен дүйнөлүк рынокту азык-түлүк, башка айыл чарба продукциялары, анын ичинде минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууну айтып жатам. Азык-түлүк рыногундагы дисбаланс бир катар өлкөлөрдүн көп жылдык жоопкерчиликсиз экономикалык саясатынын түздөн-түз кесепети экенин бир нече жолу баса белгилегенбиз. Пандемия башталгандан бери кырдаал начарлап кетти”, — деди Путин.

Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн экономикалык курсунун жаңылыш экенин моюнга алгысы келбей, Орусия жана Беларусь жер семирткичтерин жеткирүүгө чектөө киргизүү менен дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүн дагы дестабилдештирүүдө. Ошентип, алар орусиялык эгинди дүйнөлүк рынокко чыгарууну кыйындатып, аны ташыган кемелерди камсыздандырууну жана соода келишимдери боюнча банктык төлөмдөрдү жүргүзүүнү татаалдаштырууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости