www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин 2025-жылдын 21-октябрында «Буревестник» аттуу өзөктүк кыймылдаткыч менен жабдылган канаттуу ракетанын “акыркы чечүүчү сыноосу ийгиликтүү аяктаганын” жарыялады. Путиндин айтымында, бул ракета “дүйнөдө теңдеши жок, чексиз аралыкка уча алган” жана “жогорку корголгон объекттерди так бутага ала турган” курал болуп эсептелет. Бул билдирүү дүйнөлүк коомчулукта кызыгуу менен катар тынчсыздануу да жаратты.

Дегенибиз, “Буревестник” 15 сааттык сыноо учурунда 14 миң чакырым аралыкты басып өткөн. Бул аралык дүйнөнүн каалаган бурчуна жетүүгө мүмкүндүк берет дегенди түшүндүрөт. Москва муну менен Батышка: “Россиянын коргонуу жөндөмү теңдешсиз, жана бизди токтото албайсыңар” - деген коңгуроо какты.

Бирок, буга чейин америкалык чалгын маалыматтары “Буревестниктин” 13 сыноосунун ичинен экөө гана жарым-жартылай ийгиликтүү болгонун билдирген. Ал эми көз карандысыз булактар 2025-жылдагы ракета чын эле ийгиликтүү сыналганын азырынча ырастай элек. 

Арийне, кандай болгон күндө дагы, бул жагдай дүйнө жаңы өзөктүк доордун босогосуна жакындап, адамзатынын акыл мүмкүнчүлүгү кооптуу чекке жеткенин айгинеледи. Себеби, адамзат канчалык деңгээлде мындай технологияларды коопсуз жана жоопкерчилик менен колдоно алат деген кооптонуу күч. Эгер бул суроого жооп табылбаса, “Буревестник” тарыхта тынчтык эмес, жаңы глобалдык коркунучтун символу катары кооптуулук жаратат.

Последние новости