www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мушкер Дмитрий Биволдун 1990-жылы туулган мурдагы жубайы Екатерина Биволду сыртынан Бишкектеги №21 тергөө абагына камоо жана издөөгө алуу чечимин чыгарды. Буга анын кыргыз жана казак калкын кемсинткен сөздөрдү айтып, 21-октябрда социалдык тармактардагы баракчасына жүктөгөн видеосу себеп болгон. Бишкек шаардык милициясынын маалыматына ылайык, ал улут аралык кастыкты козутту деп айыпталууда.
Ырасында, расалык же этностук негиздеги кемсинтүүлөр бул жеке пикир эмес, эл аралык укукта да “жек көрүүчүлүккө чакырык, улут аралык кастыкты козутуу” катары каралат. Андыктан Екатеринаны акылга сыйгыс жоругу, улуттук намыска шек келтирет жана укуктук жоопкерчиликке тартууга негиз түзөт. Кыргызстандын мыйзамы ар бир жаранды, анын ичинде чет элдиктерди да, улут аралык тынчтыкты сактоого милдеттендирет