www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан энергияны импорттогон өлкөдөн экспорт кылган мамлекетке айланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абадда Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда өлкөнүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭСтер жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп ишке берилсе, кышкысын импорт албай, өндүрүлгөн электр энергия толук жетип калат.
“Алдыда тарыхый мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул кылым курулушун – улуттук масштабдагы долбоорду ишке ашырууда эл аралык каржы уюмдары биз менен кызматташууга даяр. Учурда биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Азыр даярдык иштери: жолдорду куруу, көпүрө салуу, электр кубатын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер жүрүп жатат.
Буюрса, бул долбоордун ишке ашуусу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу түп-тамырынан өзгөрөт. Биз энергияны импорт кылган өлкөдөн кетип, экспорт кылган мамлекетке айланабыз.
Мындан сырткары, ушул тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭСтер жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп ишке берилсе, биз кышкысын импорт албай, өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө толук жетип калат”, - деди президент.