www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда азык-түлүк коопсуздугу жана Орусия менен Украинадан дан жеткирүү маселеси талкууланганын Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.

«Түркиянын президенти Эрдоган менен болгон эки тараптуу жолугушууда орус-түрк кызматташтыгы түрдүү тармактарда динамикалуу өнүгүп жатканы айтылды.

Азык-түлүк коопсуздугу жана орусиялык да, украиналык да дан эгиндерин дүйнөлүк рынокко жеткирүүгө көмөктөшүү боюнча кызматташуу маселелери каралып жатат», - деди Путин «Астана процессинин» гарант-мамлекет башчыларынын үч тараптуу жолугушуусунан кийин.

Ал ошол эле учурда 13-июлда Стамбулда бул темада өткөн жолугушууга канааттанганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости