www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын өкмөтү президент Владимир Путинге орус-кыргыз абадан коргонуу биргелешкен аймактык системасын түзүү жөнүндө келишими менен тааныштырды. Андан соң келишим Мамлекеттик думага ратификацияга киргизилет.

2022-жылы 16-августта Россия менен Кыргызстан абадан коргонуу биргелешкен аймактык системасын түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага ылайык Кыргызстан Россияга убактылуу 5 гектар жер берет.

Кыргызстан — Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин абадан коргонуу биргелешкен системасынын мүчөсү. Аталган система 1995-жылы февралда түзүлгөн. Бул системага Азербайжан менен Молдова кирген эмес. 2022-жылга карата бул системада активдүү мүчө катары Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости