www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктар 8-апрелде Испаниянын Камбрильс шаарында өткөн WDSF Open - Spain 2023 жылдык бал бийи боюнча эл аралык турнирге катышты. Бул тууралуу КРнын Бий спорту федерациясынан билдиришти.

"Молодежь, латина" категориясында кыргызстандык бий жуптары Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 24 жуптун ичинен алтын медалга ээ болуп, биринчи орунду ээлешти.

Турнирге Италия, Германия, Испания, Украина, Франция жана башка көптөгөн европалык өлкөлөрдөн да спортчулар катышты. Турнир Бүткүл дүйнөлүк спорттук бий федерациясынын – WDSFтин колдоосу астында өттү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости