www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Данияр Тербишалиев депутаттыкка ат салышат

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турганын Тербишалиев Данияр Өмүрзакович билдирди. Муну менен талапкерлердин саны 11ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелге карата БШКга арыз менен 11 талапкер кайрылган. Алар:

1. Булекбаев Эркин Касымович;

2. Кунакунов Максат Касымжанович;

3. Арзыкулов Марат Замирбекович;

4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович;

5. Камбаров Мирлан Адилбекович;

6. Иманкулов Бекзат Муратович;

7. Абдылдаев Азат Шералиевич;

8. Калыков Улугбек Абдисатарович;

9. Исмаилова Карачач Джумаевна;

10. Сакиев Нурлан Казыбекович.

11. Тербишалиев Данияр Өмүрзакович.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости