www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган 4-сентябрда Сочиде сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдайт.

"Сүйлөшүү дүйшөмбү күнү Сочиде болот", — деп айтылат маалыматта. 

Жакында эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Хакан Фидандын жолугушуусу болгон. Министрлердин айтымында, алар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө коюлган маселелерди иштеп чыгышты, тактап айтканда, дан келишимин талкуулашкан.

Лавров тактагандай, ал Фидан менен Владимир Путиндин Түркияга бир миллион тонна орус данын андан ары кайра иштетүү жана муктаж болгон өлкөлөргө жөнөтүү үчүн арзандатылган баада жеткирүү демилгесин талкуулады. Ал Катардын өкүлдөрү бул келишимдин финансылык аспектилерине катышууга даяр экенин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, 18-июлда дан келишими аяктаган. Себеби Москвага байланыштуу келишимдин шарттары аткарылбай жаткандыктан Россия Түркия, Украина жана БУУга келишимдин узартылышына каршы экенин билдирген. Анын ичинде россиялык азык-түлүк жана жер семирткичтерди дүйнөлүк рынокко чыгарууга чектөөлөрдү алып салуу да бар.

Ошол эле маалда Владимир Путин Москва Россия алдындагы милдеттенмелерин реалдуу аткарган учурда келишимге кайтып келүүгө даяр экенин баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости