www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай экономикасынын өнүгүү перспективалары кенен. Кытай реформа жана ачыктык саясатын улантып, өнүгүү моделин тез арада өзгөртүп, тышкы дүйнөгө кеңири ачылуу чечимин ишке ашыруу жана чет өлкөлүк ишканаларга жагымдуу экономикалык чөйрө менен ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу дүйнө жүзүнө чоң салымын кошот.
Ушул форумдун ишине катышып жаткан ишкерлер жумушчу орундарын түзүү жана байлыкты жаратуу багытында өнүгүү менен кызматташтыкка кол кабыш кыла турган маанилүү, таза, жаңы күч катары бааланат. Силер аткара турган иштер дүйнөлүк жана азиялык экономиканын өнүгүшүнө маанилүү таасир көрсөтөт. Учурдан пайдаланып силердин кез карашыңар менен таанышып, пикир алмашсак деп ойлойм.
Азыркы маалда дүйнөлүк экономика мурдагыдай эле туруксуз жана мындан ары кандай болоору белгисиз бойдон калууда. Экономиканы калыбына келтирүү узакка созула турган, оош-кыйышы көп процесс болот. Ал эми Азияда экономикалык өнүгүүнүн алда канча күчтүү толкуну байкалат. Мына ушундай жагдайда Кытай экономикасынын өнүгүүсү көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тартып жатат. Ушул жерде бир нече нерсеге токтолгум келет.
Кытай экономикасы жалпысынан туура өнүгүү жолуна түштү. Анын өсүшү узун мөнөттүү келечекти карай улана бермекчи. Индустриализация, информатизация, урбанизация жана айыл чарбасын модернизациялоо боюнча иш-чаралар ички рынокту кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Коомдук өндүргүч күчтөрдүн түбү бекем. Өндүрүштүн негизги факторлорунун жалпы артыкчылыктары байкала баштады.Түзүлүштүн механизмдери тынымсыз өркүндөтүлүп жатат.
Кытай Коммунисттик Партиясынын XVIII сьездинде “эки 100 жылдыктын” максаттарын аныктап, кытай коомунун улуу кайра жаральшын көздөгөн Кытай тилегин өзүбүзгө милдеттенме катары кабыл алдык. Мына ушул багытта экономикага жаңы кубаттуулуктарды киргизүү ишин улантабыз. Кытай экономикасы биздин күч-аракеттердин натыйжасында өзүнүн башкаларга караганда жогору турган темпин сактап кала алат деп ишенсек болот. Кытай өзүнүн өнүгүү жолунда жогорку сапат менен өнүмдүү натыйжага өзгөчө көңүл буруп, экологиялык жактан таза, циклдүү жана көмүртекти аз бөлүп чыгарган экономиканы колдоо үчүн зарыл чараларды көрөт.
Кытай базарынын иштөө шарттары адилеттүү болот. Кытайдын ички аймактарында катталган бардык ишканалар өлкөнүн экономикасынын айрылгыс бөлүгү болуп эсептелет. Социалисттик рынок экономикасын куруу багытын бекем тутуу менен мындан ары карай укук системасын күчөтөбүз, инвестициялык чөйрөнү жакшыртып, өндүрүш факторлорунун ар түрдүү формадагы ишканалар тарабынан мыйзам чегинде, тең укуктуу колдонулушун жана базар атаандаштыгына катышуусун адилет камсыз кылуу менен бирге өлкөдө рыноктун калыс жана ынгайлуу шарттарын түзүүгө аракеттенебиз. Чет өлкөлүк инвестицияларды пайдалануу саясаты өзгөртүлбөйт, чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен түзүлгөн ишканалардын мыйзам чегиндеги укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылабыз.
Кытайдын эшиги тышкы дүйнөгө ар дайым ачык бойдон калат. Кытай өткөн он жылдын ичинде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлөүрүнө тиешелүү өз милдеттерин кыйшаюсуз түрдө аткарды. Натыйжада өлкөнүн соода шарттары алда канча ачык жана стандартка ылайык болуп калды. Кыгай ачьк типтеги экономиканы мындан дагы жогору деңгээлде, кеңири масштабда жана тармактарда, мазмунун тереңдетүү менен өнүктүрүүнү көздөйт. Кытай мурдагыдай эле ар кандай өлкөлөрдөн келе турган инвесторлорго жол берет. Өз кезегинде чет өлкөлөр кытайлык инвесторлорго эшигин кенен ачат деп ишенебиз. Биз протекционизмдин ар кандай түрлөрүнө чечкиндүү түрдө каршыбыз, соода менен экономика жаатындагы түшүнбөстүкдөрдү тийиштүү мамлекеттер менен кеңешүүлөр аркылуу жоюуга даярбыз, тең салмактуу жана өз ара пайдалуу өнүгүүгө жол ача турган көп тараптуу социалдык-экономикалык механизмди түзүүгө белсенип катышабыз.
Кытайдын өнүгүшү бүткүл дүйнөгө жана баарынан мурда коңшулаш өлкөлөргө пайдасын тийгизет. Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө 2012-жылы саякаттап барган кытайлык туристтердин саны 15,76 млн кишиге жетти. Кытай азиялык экономиканын өнүгүшүнө өтө маанилүү салым кошту. Жакынкы жылдарда Кытайдын тыштан ташып келе турган товарларга муктаждыгы 10 трлн америкалык доллар өлчөмүндө болот, ал эми башка өлкөлөрдүн экономикасына салына турган кытайлык инвестициялардын көлөмү мындан ары карай улам көбөйө берет. Азыркы учурда коңшу өлкөлөр менен өз ара байланыштарды жана алыш-бериш мамилелерин түзүүгө жан үрөп жатабыз. Мына ушундай иш-аракеттер региондун гана эмес, бүткүл дүйнөнүн экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошот.
Кытайдын реформа жана ачыктык жолу менен кыйшаюусуз илгерилөө чечими бекем жана өзгөрүлбөйт, ал эми биздин саясат болсо мындан ары өркүндөтүлө берет. Биз кызмат көрсөтүү тарматынын кубаттуулугу менен сапатын жогорулатып, Кытайга капиталдык салым кошкон дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнүн ишкерлерине ыңгайлуу шарттар менен атмосфераны түзүп берүү ишин улантабыз. Чет өлкөлүк инвесторлор Кытай сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, алдыга карай илгерилей берет деп ишенебиз.
Булак: NazarNews.kg