www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтырууга даярдыгын билдиришти. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчылары бүгүн пикир алышкан. Президенттер Борбордук Азиядагы кырдаалды талкуулап, Душанбе менен Бишкектин чырды тынчтык жолу менен чечүүгө келген макулдашуусун колдой тургандыктарын айтышты.

Шаршемби күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвада Кызыл аянтта өтө турган аскер парадына катышары белгилүү болгон. Сапарынын алкагында РФ лидери Владимир Путин менен жолугуп, анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал да сөз болору айтылган болчу. Рахмондун Москвага сапары жана Путин менен жолугушуусу чек ара чыры чыкканга чейин, башкача айтканда, бир ай мурун макулдашылганы да кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости