www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Россиянын президенти Владимир Путин менен июнь айында Европага иш сапарынын алкагында жолугушаарына ишенээрин, бирок азырынча жери жана убактысы тактала электигин айтты.

Байден Ак Үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Байден Россиянын Украинанын чек арасындагы аскердик курамын эске салып, «Бул кырдаал менин Путин менен жолугушуу өтүнүчүмө таасирин тийгизбейт. Өзүңүздөр билгендей, Орусия айрым аскерлерин чыгарып кете баштады. Учурда аймакта аскерлер бар, бирок алар бир ай мурдагысынан аз», - деп айтты.

Июнь айында Лондонго жана Брюсселге барганда Путин менен жеке жолугушуу өткөрө аласызбы деп суралганда, Байден: «Жолуга алабыз деп ишенем. Бирок жолугушуунун орду жана убактысы азырынча так эмес. Бул маселе боюнча иш жүрүп жатат», - деп жооп берди.

Иран Венадагы өзөктүк сүйлөшүүлөргө олуттуу карайт деп эсептейсизби деген суроого

Байден: «Ооба, мен буга ишенем, бирок Иран канчалык олуттуу жана ал эмне кылууга даяр экендиги башка окуя. Биздин сүйлөшүүлөр уланып жатат», - деп баасын берди Байден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости