www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри Александер Шалленберг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, ушул жылы ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүү жана 2022-2023-жылдарга КР Тышкы иштер министрлиги менен Австриянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасын биргелешип иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

2020-жылы болуп өткөн Кыргыз-Австрия экономикалык байланыштар боюнча аралаш комиссиясынын 7-жыйынын жыйынтыктарын ишке ашыруунун жана Комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Австрия тарабы эки өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара иш-сапарларды уюштуруу маселелери каралды. Мындан тышкары, КР менен Австриянын Тышкы иштер министрликтеринин башчылары БУУнун институттарынын алкагында көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Австрия тарабы ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар жана учурдагы абал боюнча кабатырлангандыгын билдирди.

Р.Казакбаев жаңжалдын мындан аркы өөрчүүшүнө жол бербөөнүн жана аны тараптардын конструктивдүү тынч диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен бирге, буга чейин жетишилген ок атууну токтотуу жана аскерлерди артка кайтаруу жөнүндөгү макулдашууну аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи. Муну менен бирге, ал Кыргыз Республикасы эки тараптуу жана эл аралык милдеттерди жана макулдашууларды жактаарына ишендирди. ТИМ башчысы Австрия менен Европа Биримдигинин Баткен облусундагы калыбына келтирүү жана тынчтыкты орнотуу иштеринин процессинде көмөк көрсөтүүсүнө үмүт артарын билдирди.

Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри А.Шалленберг өз кезегинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты жана дипломатиялык аракеттер менен тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости