www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-августта Сочиде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары казак-орус көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктүн маселелерин талкуулашты. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Владимир Путин Касым-Жомарт Токаевди тосуп алып, быйыл Орусия менен Казакстан дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилеп жатканын билдирди.
«Быйыл өзгөчө жыл: биз октябрда дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын белгилейбиз. Бул датага карата бир катар түрдүү иш-чаралар пландалууда. Биздин министрликтер жана ведомстволор биз менен активдүү иш алып барууда. Өкмөттөр аралык комиссия активдүү иштеп жатат, Тышкы иштер министрликтери, Коргоо министрликтери биргелешип ар кандай иш-чараларды, анын ичинде ЖККУнун алкагында биргелешкен машыгууларды жана башкаларды даярдап жатышат», - деди ал.
Путин ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы 34,4%, быйылкы жылдын 5 айында дээрлик 9% өскөнүн айтты. Эки тараптын инвестициясы өсүүдө: орусиялык инвестиция 17 миллиард долларга, казакстандык Орусияга 4,5 миллиард долларга жетти.
Токаев Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, соода-экономикалык кызматташтыктын динамикасынын өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирип, өнөр жай кызматташтыгындагы олуттуу жыйынтыктарды белгиледи. Анын айтымында, Казакстандын өнөктөштөрүнүн ичинен Орусия биринчи орунда турат.
«Бизди жалпы чек ара бириктирип турат - дүйнөдөгү эң узун кургактык чек арасы, демек, толугу менен делимитацияланган чек ара. Ошондуктан, албетте, биздин кызматташтыктын келечегине карата пессимисттик божомолдорду айтууга эч кандай негиз жок. Жеке мен Казакстан Республикасынын Президенти катары бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуубузга кошумча дем берүүгө чечкиндүүмүн», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg