www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин менен Трамп кайрадан мактанып чыгышты

Орусиянын президенти Владимир Путин анын мамлекети дүйнөдөгү бир да мамлекетте жок куралга ээлик кыларын билдирди. Бул тууралуу ал «Россия-1» телеканалындагы «Москва. Кремль. Путин» деген көрсөтүүдө айтты.

«Бул такыр жетишип болбой турган иш эле. Бирок биз аны ишке ашырдык. Мындай ийгилик бекем пайдубалы жок илим, илимий мектептер жана инженер адистер болбосо, ишке ашмак эмес», - деди Путин.

Белгилей кетсек, Орусия курал иштеп чыгаруу жагынан дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Ага кошумча, АКШнын президенти Дональд Трамп Америка учурдагы ракеталардан 17 эсе ылдам уча турган ракета жасап жаткандыгын жарыялады.

“Биз бул ракетаны “өзгөчө” деп атайбыз жана менин угушумча ал учурдагы ракеталардан 17 эсе ылдамыраак учат”, - деди Дональд Трамп.

Анын айтымында, учурда Орусия кадимки ракеталардан 5 эсе ылдам учкан ракетага ээ жана Кытай дагы учурдагы үлгүлөргө караганда 5-6 эсе тез учуучу ракета өндүрүп жатат.

Ошол эле учурда, Дональд Трамп АКШнын ракетасы  дүйнөдөгү эң ылдам учуучу ракета болорун баса белгиледи.

Булак: NazarNews.org

Последние новости