www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку америкалык “Ганси” авиабазасында обсервациядагы тополоң салган кыргыз жарандары жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, аталган обсервацияда Соль-Илецк шаарынан келген 432 жаран бар.
“Алардын арасында мурун ооруканага жаткырылгандар үйүнө карантинге жөнөтүлүп жатканы тууралуу туура эмес маалыматтар тараган. Алар эмне үчүн кимдир бирөөлөр бошотулуп жатат, ал эми алар калып калды деп нараазы болуп жатышат”,-деп билдирди министрдин орун басары.
Мирлан Кантиметов укук коргоо органдарынын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын кошумчалады.
“Эгер, алар коюлган эрежелерге баш ийишпесе, мыйзамга ылайык жоопко тартылышат”,-дейт Мирлан Каниметов.
Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын Соль-Илецк шаарынан келип, мурунку америкалык “Ганси” авиабазасына обсервацияга алынган кыргыз жарандары тополоң кылып жатышканы маалымдалган.
Эске сала кетсек, 7-майда 541 кыргызстандык Соль-Илецктен Кыргызстанга кайтып келген. Адегенде алардын 55ине коронавирус диагнозу коюлган, андан кийин дагы үч бейтап катталган. Бейшемби күнү эне менен баланы ооруканага жаткырышкан. Алар дагы Соль-Илецк шаарынан келишкен.
Булак: NazarNews.org