www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин депутат Нурбек Тотоновдун иниси илдетке чалдыкты деген маалымат тарап, депутат ал боюнча комментарий  берип, инисинде коронавирус инфекциясына чалдыккандарда байкалуучу белгилер бар экенин жана бирок андан илдет тастыкталбаганын билдирген. 

Ал эми Токтогул райондук оорукананын башчысы Нуржамал Тешебаева жергиликтүү ЖМКлардын бирине: “Өткөн жумада Россиядан келген айдоочулардын арасында депутаттын иниси Айбек Тотонов дагы бар болчу.  Ал анализдеринин жыйынтыгы чыкканча эле, тартипке баш ийбей Токтогулга келе бериптир.  Анализдеринде вирустун симптомдору бар деген жыйынтык чыккандыктан Токтогулдагы Жаңы-Жол аймагында жүргөн жеринен табылып,  Жалал-Абад шаарындагы обсервацияга алынды”-деди дарыгер.

Андыктан депутаттын иниси Айбек Тотонов кайсы жерлерге барган деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Аталган факты боюнча Токтогул райондук админитрациясынын маалымат кызматы төмөнкүдөй маалымат берди:

"Депутаттын иниси Россиядан келгенден кийин үй карантинине жаткырылып, коронавирус дартына байланыштуу анализи алынган. Алгоритм боюнча ал 14 күн үй карантинине алынган. Бирок ал аны эч кимге айтпай, ооз ачаарга, кайын журтуна, ата-энесине барып келген. Азыркы тапта менен байланышта болгон 35 адамга текшерүү жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аны куран окутканга кирип бара жаткан жеринен кармап калышкан. Токтогул районунда буга чейин илдет каттала электигине байланыштуу айрым ишканалар ишин баштап жаткан. Эми кайра элди үйгө киргизүүгө аргасыз болуп жатабыз",-деп кабарлады өкүл.

Булак: NazarNews.org

Последние новости