www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөнүн РИА Новости кабарлады.

Баарлашуу 50 мүнөткө созулган.

РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, лидерлер Жакынкы Чыгыштагы курчуган абалды талкуулашкан. Путин Израилдин Ирандагы операциясын сынга алып, каршылашкан тараптарга ортомчу болуу ниетин билдирген. РФ лидери Россия жаңжалдын жөнгө салынышына кызыкдар экенин, кадамдары да ушунун негизинде болорун белгилеген.

Путин Ирандын өзөктүк программасы боюнча Вашингтон менен Тегерандын эпке келүүсүнө багытталган конкреттүү чараларды сунуштаганын эске салды. Ал Израиль Ирандын өзөктүк программасы боюнча пландалган кезектеги сүйлөшүү процессинин (15-июнь) алдында чабуул жасаганына токтолгон.

Тараптар кырдаалдын оор экенине карабастан сүйлөшүүлөргө кайтуу мүмкүндүгүнө үмүт артышты.

Өз кезегинде Трамп абал кыйын экенин моюндап, ошол эле учурда Израилдин таамай соккуларын белгилеген.

Пикир алышуу маалында Путин украин маселеси боюнча Киев менен сүйлөшүүнү улантууга даярдыгын айтты.

Последние новости