www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 13-октябрда "Орусиянын энергетикалык аптасы" жыйынында сөз сүйлөп, Нобел сыйлыгынын лауреаты, журналист Дмитрий Муратов мыйзамдарды бузса, жооп бере турганын айтты.

"Эгер ал мыйзамдарды бузбаса, "чет элдик тыңчы" катары таанылгандардын тизмесине киргидей иш-аракеттерди кылбаса, анда кирбейт. Бирок ал Нобел сыйлыгына жамынып алып, Орусиянын мыйзамдарын бузса, балким мыйзамдарды өз каалоосу менен кайсы бир максатты көздөп бузса, анда ал "чет элдик тыңчылардын" тизмесине алынат да".

"Новая газета" гезитинин редактору Дмитрий Муратов постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкы жолу быйылкы Нобел сыйлыгын алган журналист.

Буга чейин Муратовду АКШнын президенти Джо Байден куттуктаган. Муратов сыйлыктан ыйгарылчу акчаны кайрымдуулукка жумшап, оор дартка чалдыккан балдардын дарылануусуна бере турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости