www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин жекшембиде “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып, Батыштын талибдердин режиминен качкан оогандыктарды АКШ жана Европага виза алганга чейин Борбор Азияга жайгаштыруу сунушун сындап, каршы чыкты. Орус президенти муну “Орусиянын коопсуздугуна коркунуч” деп атады.

Кабулду ээлеп алган талибдердин каршылаштарына мунапыс берилет деген убадасына ишенбеген он миңдеген оогандыктар август айынын ортосунан бери өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышууда.

Аймактарда талибдер мурдагы аскерлер жана полиция кызматкерлерине кысым көрсөтүп жатканы боюнча кабарлар тарап жатат. АКШ, Британия жана Европанын бир нече өлкөлөрү Ооганстандан качкындарды кабыл алууга даяр экенин билдиришкен.

Эске салсак, 15-августта Афганистандын президенти Ашраф Гани отставкасын жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен. Ага удаа Афганистандагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарды «Талибан» кыймылы көзөмөлгө алгандыктан Афганистандан чыгып кетүүнү каалаган адамдар аэропортко чогулду. Аба каттамдары да токтогондуктан дипломатиялык аскердик-транспорттук учактар гана каттап, мындан улам аэропортто баш аламандык башталган.

Кабулдагы аэропорттон учуп бара жаткан учактан адамдар (2-3 адам) кулаганда тартылган видео тараган. Жыйынтыгында анын бирөөсү фудболчу экендиги белгилүү болду. Учакка батпай калган адамдар анын сыртына чейин жармашып алышкан.

"Талибан"* кыймыл Кыргызстан, Орусия жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости