www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кичи –Атамбаев Бишкек шаарына депутат болду. Эми келе жаткан парламенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев, аны менен бирге Сапар Исаковдор аттанмакчы.  Мыйзам боюнча экөөнүн тең депутат болууга укугу жок. Анткени, сот жообундагы адамдар. Бирок, булар социал-демократтарды күчтөп, кеңеш бериши мүмкүн. Муну алдын-ала сезген отуз жылдан бери парламентте ар ким менен жакалашып жүргөн Текебаев Германияга «зыйт» коймокчу. Текебаев Атамбаев кайрадан жанданып бузуку иштерди баштарын түшүндү, тынчыраак сыртка чыгып кетип калайын деди окшойт. 2017-жылы февралда Атамбаевдин «политтехнологу» Фарид Ниязовдун айгагы менен Текебаев камакка алынган. Фарид Ниязов Текебаевдин камалышына далилдер болгон деп эл алдына чыккан.  

2016-жылы президентке караштуу Фарид Ниязов жетектеген Жарандык маселелер боюнча комиссия Түркиянын он атуулун Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган жана ошол эле жылы президент Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгына Түркиянын он жараны кабыл алынган. Кой –Таш айылындагы элдик республикасы кантип багылган? Атамбаев ким жардам берсе мамлекет башына барсам «чоң кусок» сугунуп жакшы кызматка барат деген. Көптөгөн «тазбайматтар» жарыша бука, жылкы ташый башташкан. Алардын эң чыгааны Фарид Ниязов аларды көзөмөлгө алган. 2017-жылдагы шайлоодо Фарид Ниязовдун штабы 1,1 млрд сом жана 6,8 доллар шайлоодо коротушуп, официалдуу документтерге 158 слн сом короттук деп жазышкан. Ушул акчадан өөнөгөн Фарид Ниязов Кой-Таш айылын азык-түлүк менен жабдыгандарды тизмелеп турган. Жээнбеков жана Атамбаевдин ортосунда болгон мамилелер ар кандай себептер менен сууп, экөөнүн ортосундагы от жагуулардан соң, “Эки тоонун чөбүн эңсеген” Ниязовго окшогондор мурунку президент менен жаңы президентти кагыштырып, натыйжада “Кой-Таш окуясы” калкып чыккан. Бул ишти тынчтандырып, Кыргызстанды стабилдүүлүккө алып келүү үчүн орус ишкерлеринин көмөгү менен 2019-жылдын июль айынын аягында Орусиянын президенти Владимир Путин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кабыл алган. Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан кабарлар Кремль Атамбаевди жакшылыкка чакырган. Ниязовдун тилине кирген Атамбаев көнгөн эмес. Кой-Таш айылында болуп өткөн окуялардын обьективдүү себептери көп. Бул окуялар боюнча комиссия жарыялаган отуз бет мүмкүн бир жактуу болуп калар. Ооба, бийлик алмашты. Көпчүлүк үчүн президенттерди гана алмаштырып койгондой, мурунку президент жанына тамырлап жүргөндөр кийинки президентке ооп, демократиялык эмес, өздөрүнүн терисин сактап калуу максатында парламенттик шайлоого аттанышкан. Анча-мынча кеткен экономикалык аксоолор бир гана Кой-Таш окуясын баштаган Алмазбек Атамбаев менен анын идеологу Фарид Ниязовго эмес, элди колдогон жана азыркы бийликти сүйбөгөндөр үчүн чок ыргытары белгилүү. Ошондуктан, бийлик да, отуз бет Кой-Таш окуясы боюнча каралоо келди деп шапкесин ыргытып жаткандар да элдин жашоосун бир аз илгерилетүүнү ойлонуш керек эле. Фарид Ниязов алгач 2019-жылы августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында камалган. 2020-жылы 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашканда бошотулган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 2020-жылдын 6-октябрга караган түнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти бастырып кирип, аны абактан чыгарып кетишкен. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ал бир офицердин өмүрүн алган Кой-Таш окуясы боюнча да соттолуп жаткан эле. Бул күнү жалпы жонунан Алмазбек Атамбаевдин тогуз тарапташы эркиндикке чыкты. Алардын арасында Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагынбаев, Канат Осмоналиев, Фархат Бабиев, Канатбек Рыспек уулу жана Дамир Мусакеев бар. Атамбаевдин жакын адамы делген, анын бийлиги учурунда Бишкек шаарын башкарган Албек Ибраимов да, Бишкек ТЭЦин, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган мурдагы-премьер-министр Сапар Исаков да абактан чыгышкан. 6-октябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан тышкары Равшан Жээнбеков, Бишкек ТЭЦи боюнча 7,5 жылга соттолгон мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев эркиндикке чыгышкан. 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг уюштурулуп, ал таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон. Милиция жаңжал боюнча иш козгоп, 10-октябрда Фарид Ниязов менен чогуу бир топ адамды кармаган. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов гана Орусияга сызып кетишкен.

Феодалдык заманда вассал өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын балдарын чоң мамлекеттер барымтага алып коюшчу же тактыга мураскерлерди өздөрү тараптан өстүрчү. Ташкенден бүткөн Раззаковдон башка кыргыз жетекчилери: Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев Москва, Санкт-Петербург, Самара шаарларында билим алышкан. Эми Орусия оозуна толтура мантуу тыгып, саксактап Сапар Исаковду багып жатат. Кокус бийлик алмашса башаламандык учурунда 100 киши бийликти алып койот экен, 140 млн калкы бар Орусия деле ушул жигитти өстүрө туралы деп барымтага алып коюшкан. Сапар Исаков бийликке келе турган болсо командасы бар, ал Атамбаевдин даяр кадрларын пайдаланат. Сапар Исаковдун оң колу балким бийликке келсе президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов болоруна шек жок. «Абый» Фарид Ниязов эки жолу монгол-татар эмес, кыргыз –татар бийлик агымынын жол башчысы катары бийликти өзү каалагандай чимирип турду. Акыркы ирет «апалысыбы» же –«сеңеллесиби» Раиса Атамбаева менен Татарстанга барганда «Душа моя-Татарстан» деп ачык эле айтып калышкан. Мейли жөнөкөй кыргызстандык татарлар Казанга барып «Душа моя-Татарстан» деп өкүрмөктөн бакырсын Фарид Ниязовдун «апалы-сеңеллеси» Раиса Атамбаева ал кезде президенттин зайыбы болчу. Еврей менен татарлар эне - тегин эсептешет, ата-теги кыргыз болгону менен Фарид Абилезимовичтин эне жагы татарлар. «Абый» Фарид Абилезимович жылмая күлүп, Акаев, Атамбаев сыяктуу кем акыл ажолорду мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минип, мыйзамдын эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап, Акаев менен Атамбаевди кыдыңдата минип алчу. Трайбалисттик сезимдери жедеп өнүккөн «абый» Ниязов аркалыктар бийликке келсе эле «тоок сүйүүсүн» арнап, тоголонуп жүрүп «марионеткасына» айланган «маслоед». Боконосу ката элек убакта партия заманы өтүп кетти. Акаев заманда «боконосун катыра» коюп, каймакты кайдан калпып жешти сезе койгон. Акаевке жүгүнүп маалыматтагы «кошелогуна» айланды. Өзү жалгыз жүргөн жок бир үйүр татар-кыргыздарды коштой жүрдү. Акаевдин алдына жата калып, 24-мартка чейин турган жок. Башкалардын бары, ал эмес «Арзыматтардын атаманы» Осмонакун Ибраимов да тажап туруп кетти. Жөн жаткан жок «ааламдын падышасы» Акаевдин жубайы Майрам Дүйшөновнаны мактап, «Жыландан жүн кырккан, бүргөдөн май сызгырган» вассалдары менен, оппозицияга тиш кайрап, сес көрсөтүп турушту. 2010-жылы элге батпай калган Факең , партияларга да батпай калып, ар кайсы партияга жан соогалап ирегесине барып, түртүнчүк болуп жүрүп, келишимдүү «апалы-сеңеллеси» Раиса Атамбаева менен ташы өйдө кулаган Атамбаев аны мурдунан жетелеп алышкан. Мурунтугун эмгиче чече элек. Атамбаевдин мамлекетти башкаруусу токтор менен темир торго камалып эки жылдан бери Фемидадан кутула албай жүрөт. Атамбаев бийликте турганда Ниязов оңдурган эмес, андан запкы жегендер али тирүү. Атаандаш журналисттерди каматуу ʏчʏн антидемократиялык методдорду колдонгон «абый» Абилезимович. Атамбаев жездесине таянып, Фарид Ниязовдун көрсөтмөсү менен парламенттин «чимкирик» депутаттары эл ыйык туткан Конституцияны бузушуп, журналисттерди жазалап 5 жылга чейин каматуу ʏчʏн Кочкарева даярдаган мыйзамды кабыл алышкан. Фарид Ниязов пресс-катчы болуп турушкан Аскар Акаевдин заманында «Асаба», «Столица», «Республика» гезиттерин жаптырып, «Вечерний Бишкекти» рейдерлик жол менен тартып алып, Замира Сыдыкованы камата койом деген бийлик, аягы качарга тешик таппай калган. Атамбаевдин заманында Ниязовдун антидемократиялык мыйзамын бийлик кабыл алганы үчүн, журналисттер запкысын көрүштү. Канчалаган бейкүнөө журналисттерге жалаа жабылып, моюндарына түшүнө кирбеген акчалар салынды? Уран Ботобеков деген ботодой боздоп кеткен боюнча дайыны жок. Дайырбек Орунбеков миллиондорду чака тыйын менен чогултуп калган, Адилет Айтикеев океандын ары жагына сызган бойдон кеткен. Нарын Айып үй-мүлкүн бүт тарттырып, асманды карап калган. Ниязовдун антидемократиялык мыйзамын Атамбаевдик бийлик кабыл алышып, азыркы камалгандан да тартынбаган, коркпогон жаштар ушул мыйзамдын аркасы менен бийликти кʏм-жам кылышкан. Чыныгы журналисттерди «кыл аркан» менен муунтуш Фарид Ниязовдун башкы милдети болгон. Азыркы журналисттердин арасында бешиктен бели чыга элек жатып, «арзыматчылыктын» арифметикасын жадыбалдай жаттап алган «журналюгалар» кѳп эле учурайт. Ошолордун бири «абый» Фарид. Элдин үнү Ак үйгө жеткени менен президенттерге жетпегенине «абый» идеолог Фарид Ниязов күнөөлүү. Ниязовдун кандай жазганын ким билет, «жел» жазмалары менен журналисттердин катарын толуктап жʏргѳнʏ чын. Ал кыргыздын жери сатылып жатса «быш этип» да койгон эмес. Кыргыздын элин малга теӊеп, жакырчылыктын чегине алып барып, кыштын кʏнʏ тезек тердирип, электрге бааны эки эсе кымбаттатып, ГЭС,ТЭЦтерди арзыбаган баага менчиктештирип, элди ого бетер кымбатчылык менен муунтуп аткан убакта, Фарид мырзага окшогондор президенттердин колтугуна кирип алып, алардын обонун созуп ырдап турушту. Эл кыйналса мейли, бир гана Фаридге окшогондор сайрандап турушу керек эле. Фарид мырзага окшогон бекер ашка кыныккандар жыргап жүрдү. Чет мамлекетке качып-бозуп жʏргѳн Акаев сыяктуу капчыктуу «шефтери» ага окшогон кошоматчыларын унутта калтырган жок. Элдин энчисинен жеп кеткен миллиардарынан ʏлѳлѳштʏрʏп Атамбаевдин убагында да аларды кайра жалдап алган. Анан ага окшогондор бакырып чыкпаганда, эсине келгенсип элдин атынан сʏйлѳмʏш болбогондо кимдер сʏйлѳмөк эле? Фарид мырзанын айтымында аны кимдир бирѳѳлѳр телефон аркылуу коркутат имиш. Ырас кылат, ал Акаев, Атамбаевдин заманында чалчактап кѳппѳдʏ беле? Алар акыйкатты айткан адамдарды кʏм-жам кылып, каматып,сабатып, соттоп миллиондорду моюнга салып атканда Фарид мырзалар дардалаӊдап ресторан, тʏнкʏ клубдарда кожоюндук кылып, кыйналып аткан элдин ʏнʏн укту беле? Албетте, Фарид мырзанын, эки жʏздʏʏлʏк менен бет тырмаарлык кылып атканы бештен белгилʏʏ. Антпесе, качып-бозуп жʏргѳн, агасына топурак сала албаган мурунку «ээлери» ага кантип «кʏчʏ-кʏчʏ» деп акча беришсин. Фарид мырза ѳзʏн бир шордуу кылып кѳрсѳтпѳсѳ, ал бийлик менен сугунгандары жукпай калбайбы. Чыныгы журналисттерди «кыл аркан» менен муунтуш Фарид Ниязовдун башкы милдети болуп калган. Кыргыз эли «абый» Абилезовичтин митаам мыйзамдарына макул болгон жок, суук тумшук, жырткыч бийликтерди сүрүп, каматып жиберген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости