www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен Орусия Талибан менен кызматташууга даяр экенин көрсөтүүдө. Мындай пикирди Вашингтон Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат социалдык баракчасына билдирди. 

--"Кытай менен Орусия тууралуу айта турган болсок, бул эки өлкө тең Талибан менен кызматташууга даяр экенин көрсөтүүдө. Бирок азырынча, албетте, алар Талибан кыймылынын легитимдүүлүгүн тааныбайт жана Орусия БУУдан реакция күтөт. Бирок бул Орусия жана Кытайдын Талибан менен кызматташуусуна тоскоол болбойт, өзгөчө Кытай экономикалык алакаларды түзө башташы мүмкүн.

Бул аягында эмнеге алпара турганын болжоо кыйын, бирок Кытай Ооганстандын экономикасынын негизги инвестору болушу толук мүмкүн. Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кытайда инвестициялар мамлекеттин жардамы менен салынат. Бирок Кытай үчүн дагы толгон-токой маселе бар, айрыкча Ооганстандагы уйгурлар жана талибдер менен мамилеси кандай өнүгөт, бул Кытай үчүн кыйын иш. Биз бул тема тууралуу кийинчерээк сүйлөшкөнүбүз туура болот", - дейт профессор. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости