www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сиздер багындырган ийгиликтер, дүйнөлүк деңгээлдеги сиздер камсыз кылган жеңиш албетте, эчендеген спортчуларыбыздын, миллиондогон мекендештерибиздин жүрөгүн толкундантып, көкүрөктөрүндө оргуштаган сыймыктануу сезимдерин жаратты», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлерине жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземинде.

Мамлекет башчысы катышуучулардын алдында куттуктоо сөзүн айтып, күйөрмандык кылган бардык кыргызстандыктардын атынан мен-мен деген дүйнө өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанды татыктуу таанытып, ийгиликтүү таймаш көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер спорттун босогосун аттаган жаш спортчуларга эле эмес, спортту сүйгөн, спорттогу жетишкендиктерди көрүп ырахат алган миллиондогон кыргызстандыктарга дем берип, шыктандырып, Мекенге болгон сүйүүлөрүн арттырдыңыздар», — деди Садыр Жапаров.

Президент Токио Олимпиадасы дагы аяктаганын, алдыда 2024-жылкы Париж шаарындагы (Франция) — жайкы Олимпиада оюндары турганын белгиледи.

«Кыргызстаныбыздын туусун желбиреткен жеңиштерди алып келүү үчүн туптуура үч жылдык катуу машыгууларга киришип жатасыздар. Мындай ийгиликтерге жетебиз десек, бир гана күрөштүн түрлөрүнө эмес, жеңил жана оор атлетика, бокс, сууда сүзүү сыяктуу спорттун башка түрлөрүнө да басым жасообуз керек. Аталган спорттун түрлөрү боюнча өлкөбүздө спорттук мектептерибиз бар. Чоң-чоң эл аралык мелдештердеги алтын, күмүш, коло медалдарды камсыз кылган спортчуларыбыздын чыгып жатканы ага далил. Сиздер «эң негизгиси катышуу» дегендей Олимпиада оюндарынын жөн гана катышуучулары эмес, Мекенибиздин желегин желбиретип, гимнибизди жаңырышына умтулуу менен пъедесталга да жете аларыңарды далилдеп, көрсөттүңүздөр. Биздин жалпы максатыбыз — 2024-жылдагы Париж Олимпиада оюндарында биринчи орундарды камсыз кылуу болуп саналат. Спортчуларыбыз бир алтын гана эмес, бир нече байгелүү орундарды жеңе аларына бекем ишенем. Себеби кыргыз спортчулары руху күчтүү, максаты бийик жана намыска бек уул-кыздардан. Ал эми мамлекет тарабынан спортчуларыбызга эл аралык спорт майданында ийгиликтерди жаратуусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө бардык күч-аракеттер жумшалат деп ишендире алам», — деди мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров спорт тармагын өнүктүрүү, массалык жана кесипкөй спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болорун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости