www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Афганистандагы үч районду тартып алышты

"Талибан"* согушкерлер кыймылы Афганистандагы Баглан провинциясынын үч районун согушуп жатып кайрадан колуна алышканын РИА Новости жергиликтүү журналисттерге таянып жазды.

"Багландагы бир дагы жер талибандарга каршы тургандардын көзөмөлүндө калган жок", — деп кошумчалаган аты-жөнүн айткысы келбеген маалымат булагы.

Талибандардан аталган провинциянын түндүк-чыгышындагы Пули-Хесар, Дех-Салах жана Бану райондору тартып алынганын өткөн жумада Афганистандын коргоо министри Бисмилла Хан Мохаммади билдирген эле.

Бүгүн талибдерге уюшулган формада каршы турган бирден-бир күч панджшердик каршылык күчү экенин белгилеп кетүү керек. Алар негизинен жергиликтүү тажиктерден куралган.

Биримдик Кабулдан түндүк-чыгышты көздөй кеткен Панджшер тоолуу провинциясынын аймагында турат. Маалыматтарга таянсак, бул жер — аянты жана элинин саны боюнча эң кичинекей облустардын бири.

Каршы турган аталган күчтү мындан 20 жыл мурда террорчулардын колунан көз жумган антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масудддун уулу Ахмад Масуд жетектеп келет.

Жекшемби күнү, 22-августта, талибдер Масуддун багынып беришине төрт саат убакыт калганын айтышкан. Бирок бирикменин башчысы Панджшердин жашоочулары душмандарына советтик аскерлер бар убактагыдай эле каршы турарын жана жашаган аймагын алардын колуна салып бербестигин айткан.

Афганистандагы абал америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетери жарыялангандан тарта курчуй баштап, "Талибан" кыймылга келген. Алар ири шаарларга кол сала баштап, 15-августта аталган мамлекеттин борбору Кабулга киришкен. Ал эми президент Ашраф Гани Бириккен Араб Эмирликтерине качып, баш калкалаган.

Талибдер 20 жылдык согуш аяктагандыгын, ал эми башкаруу формасы кандай болору жакында белгилүү болорун айткан.

Учурда бул кыймыл Афганистандын аймагынын басымдуу бөлүгүн жана чек арага жакын жер менен өткөн жайларды өзүнүн көзөмөлүнө алган. Афганистандын жарандары менен анда иштеп жаткан чет элдик миссиялардын кызматкерлерин Кабулдагы аэропорт аркылуу алып чыгып кетип жатышат. Бүгүнкү күндө ал аба майдандагы АКШ менен НАТО күчтөрү кармап турган бирден-бир аймак.

"Талибан"* кыймылы Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости