www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Орусиянын негизги максатын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин орус элинин биригүүсүн өлкөнүн максаты деп атады. Бул тууралуу ал Павел Зарубин менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдан бери Орусия Федерациясы Украинадагы кырдаалды «тынчтык жол менен» жөнгө салуу аракетин көрүп келет.

«Биз тигил же бул аймакта жашаган элди «коргоого» аргасыз болдук, кримтөбөлдөрдүн тандоосун колдоого мажбур болдук. Баары ушундан башталды. Бирок биз төңкөрүш жасаган жокпуз», - дейт Путин.

Орусиянын президенти Москва ар дайым бардык талаш-тартыштарды тынчтык сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулуп келгенин жана азыр туура багытта – жарандарынын кызыкчылыгын коргоодо экенин айтты.

«Москванын геосаясий атаандаштары ар дайым «бөлүп ал, башкар» принцибин карманып келишкен жана азыр да аны улантып жатышат. Бирок биздин максат башка нерсе – орус элин бириктирүү», - деди мамлекет башчысы.

Владимир Путин Орусиянын башка тандоосу жок экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости