www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Россияны ондогон майда бөлүктөргө бөлүү керек деп айтып жаткан РФтин каршылаштарын "акмактар" деп атаганын РИА Новости жазды.

"Биздин неоколониалдык ой жүгүртүү менен жашап жүргөн каршылаштарыбыз чынында акмактар. Алар так ушул көп түрдүүлүк бизди күчтүү кылып жатканын түшүнбөй атат. Алардын эффект болот деп жасаган аракеттеринен майнап чыкпайт", — деди Путин Улуттар аралык мамилелер кеңешинин жыйынында.

РФ башчысы Россияны ондогон майда бөлүктөргө бөлүүгө жасалган чакырыктардын артында кызыкчылыктар бар экенин белгиледи. Ал ошондой эле өлкөнүн каршылаштары анын аймагын бөлүп-жарып, кийин өзүнө баш ийдирип алгысы келип жатканын кошумчалады.

"Учурда Россияга тыштан катуу басым жасалып жатат. Дээрлик бардык арсенал (экономикалык, аскердик, саясий, маалыматтык) бизге каршы чыгууда. Антироссиялык чоң пропаганда жүрүп жатат", — деди ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости