www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президент Владимир Путин Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Сальман Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө мунай өндүрүүнү кыскартуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Кремлдин сайты билдирет.
"Мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча жетишилген макулдашуулар чийки зат менен камсыз кылууну чектөө боюнча ыктыярдуу милдеттенмелер менен айкалышып, дүйнөлүк энергетика рыногунун туруктуулугун камсыздоого мүмкүндүк берери белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Орус лидери жана анын маектеши мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жогору баалашты.
"Мураскор ханзаада Сауд Аравиянын БРИКСке кошулуу өтүнүчүн ырааттуу колдогону үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирди", — деп билдирет Кремлдин басма сөз кызматы.
Мындан тышкары, маектешүүлөр соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле бул форматта байланышты улантууга макулдашышты.
Белгилей кетсек, 22-24-августта Йоханнесбургда Түштүк Африканын төрагалыгы астында өткөн саммиттин жыйынтыгында Сауд Аравиясы БРИКСке кошулууга расмий чакыруу алды. Уюмга БАЭ, Иран, Аргентина, Египет жана Эфиопия да чакырылган. Алардын толук кандуу мүчөлүгү 2024-жылдын 1-январында башталат.
Булак: NazarNews.kg