www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик киреше комитетинин маалыматына ылайык, 4-сентябрдан бери өлкөдө 309 адам 435 миллион теңгеге (943 миң доллар) банкрот деп табылды. Мекеме муну Биринчи кредиттик бюронун маалыматына таянуу менен билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 22 жаран мамлекеттик даректүү социалдык жардам алуучу болуп саналса, 232 жаран беш жылдан ашык убакыт бою насыя карызын төлөй албай калган деп табылды.

Эрежеге ылайык, бул жарандар карыздан бошотулду. Ошол эле учурда беш жылга жаңы насыя ала алышпайт, үч жыл бою аларга каржылык көзөмөл болот.

"Жарандардын төлөө кудуретсиздиги жана төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө" мыйзам быйыл март айында күчүнө кирген. Ага ылайык, насыяларын тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок казакстандыктар банкрот деп таануу үчүн тиешелүү мекемеге кайрыла алышат.

Казакстанда коомчулук арасында эл насыяга өтө көз каранды болуп калганы көп айтылып келет. Биринчи кредиттик бюронун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башына карата керектөөчү күрөөсүз насыялардын портфели бир жыл ичинде 28,3 пайызга өсүү менен 7,4 триллион теңгени түзгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости