www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатта аялдар сатып кетпей турган ишенимдүү, туруктуу кесиптеш болоору өйдө-төмөн бир нече жолку саясий кырдаалдар аныктады. Алыс барбай эле Кыргызстандагы саясий окуялардагы аялдардын сатып кетпей бекем турган сапатын алсак, баары ачык көрүнүп турат.
Мына айталы, Атамбаевди коргоп аягына чейин Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Назгүл Мамытова деген айымдар жүрүштү. Жээнбековдун башына иш түшкөндө Аида Касымалиева, Толгонай Стамалиева эле калды жанында. Адахан Мадумаров камалганда жалгыз Гуля Кожокулова эле чырылдап жүрдү. Кезинде Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев камалган учурда Жылдыз Жолдошева тикесинен тик туруп коргоду. Феликс Кулов камакта кезде Бөдөш Мамырова "Ар-намыстын" туусун көтөрүп калган.
Ушундан улам, азыркы заманда эркектерге салыштырмалуу саясатта аялдар туруктуу болуп калышты деп айтылып жаткан сөздөрдүн чындыгы бар десек жарашат.
Булак: NazarNews.kg