www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Магадан шаарындагы сот өзбекстандык эки мигрантты "этиятсыздыктан токойго өрт коюуга" күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу жергиликтүү прокуратура билдирет.
Маалыматка караганда, быйыл июнь айында эки өзбек мигранты "Старая Веселая" айылындагы короодо от жагып, шамалдан улам ал жакын жердеги токойго өткөн. Өз кезегинде бул Магадан шаарында өзгөчө абал режимин жарыялоого себеп болгон. Өрттөн улам 60 гектар аянт токой өрттөнүп, 1,8 миллион рубль (18 миң доллар) өлчөмүндө зыян келтирилген.
Сотто Өзбекстандын эки жараны тең күнөөлөрүн мойундарына ала турганын билдиришти. Алардын ар бири бир жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилип, айлыктарынын 15% мамлекеттин пайдасына төлөп берип турмай болушту. Мындан тышкары мигранттар келтирилген зыяндын жана өрттү өчүрүүгө кеткен чыгымдын ордун толтуруу үчүн 6 миллион рубль (61 миң доллар) төлөөгө милдеттендирилди.
Булак: NazarNews.kg