www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз ажарлуу ырчы айым Малика Дина жана Ишен Назаровдун аткаруусундагы “Бакытым” аттуу дуэт ыры болмокчу. Бул ыр жарыкка чыкканы радиолордон эмес, интернет желесинен көп уктук. Аткаруучулар ырды гана жарыкка чыгарып, пландашса да ырга клип тартышкан жок. Ал эле эмес ыр уурдалганы тууралуу да сөз кылышпады.

Кайсы улуттун ырын уурдашкан деп калдыңызбы? Анда биз кеңири айта кетели. Бул ырдын түпкү нускасы казак элинин белгилүү композитору Бауржан Есебаевге таандык. Алгачкылардан болуп ырды композитордун шакирти Ернар Айдар жана Зарина Омарова - “Мөлдіреген-ай” деген аталышта аткарып чыгышкан. Бауржан Ернадын бир нече хит ырчыларынын автору жана алгачкы продюсери болуп саналат. Лирика ырларына жакын композитор бул ырды сөзү менен обонун бир күндүн ичинде эле жазып койгонун кабарлады. Ыр жарыкка чыккан соң жаштар арасында популярдуулукка ээ болгон. Коңшу элдин ыры бизге чейин жетип ырчыларыбыз аткарып калгандары жөн жерден болбосо керек. Малика жана Ишен бул ырды бирге концерттерде эмес, тойлордо көп аткарып чыгышты. Таттуу түгөйлөрдүн гимнине айланып калган ырды аткаруучулар тойдун башында жар-жар катары аткарып жүрүшөт.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырларды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Кыргызча:

https://www.youtube.com/watch?v=jLvZD0VytrQ

Казактардыкы:

https://www.youtube.com/watch?v=c-NDtVpKH5A

 

 

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости