www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин, бүгүн 8-мартта, аялдарды эл аралык майрамы менен куттуктап жатып, согушта кеткен жоокерлердин жакындарына кайрылды. Бул тууралуу Кремлдин расмий баракчасы жазып чыкты.
"Атайын аскердик операцияда Орусияны коргоп, азыр согушта жүргөн жоокерлерибиздин, офицерлерибиздин апаларына, аялдарына, эже-карындаштарына, кыз-келиндерине кайрылгым келет. Мен силердин жакындарыңар үчүн кандай тынчсызданып жатканыңарды түшүнүп турам. Бүткүл өлкө алар менен сыймыктангандай, силер да сыймыктана аласыңар. Баарыбыз алар үчүн тынчсызданып жатабыз",- деп билдирди Орусиянын лидери.
Ошондой эле, аскердик кызматты өтөп жаткан жоокерлер согуштук аракеттерге катышпай тургандыгын баса белгилеп: "Запастагыларды чакыртуу болбойт. Тапшырылган милдеттерди кесипкөй аскер адамдары гана чечет",- деди Путин.
Булак: NazarNews.kg