www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Динара Бейшеналиева: “Дүйнө – сүйүүнүн үстүнө курулган”

- Динара, ден соолук, үй-бүлө, бала-чака жакшыбы? Жаңы чыккан “Ак” ырлар жыйнагың кут болсун!

- Рахмат! Эл ичинде барбыз, аманбыз. Китептин атын “Ак” деп атадык. Ак – ал баардыгы. Ал – поэзия, ал сулуулук, агаруу, акыйкат, өмүр. Ак – өлүм дагы. Кыргыздар “өлүм ак” деп койгон, сөзсүз келет деген мааниде. Кудайдын бир ысымы Ак.

- Ак сүйүү да бар...

- Ооба, ак сүйүү. Дүйнө – сүйүүнүн үстүнө курулган. Сүйүү болбосо болумуш болтурулмак эмес дешет. Бир акылмандан “адамдын тирүү экенин кантип билесиң?” десе, “анын жүрөгүндө сүйүү болсо, тирүү” деген. Демек, ак – тирүүлүк. Түбөлүк тирүүлүк....

- Сүйүү жөнүндө кеп кылып калбадыкпы, Мамат менен кандайча таанышып, кандайча турмуш куруп калдың? Илгери, биздин убакта “сөйкө салат, куда түшөт, колдон келип алып кетет” дегендер жок эмес беле? Мындайча айтканда, ала качып кетип эле жашап калчубуз...

- Кыргыз “беш кайып бар” деп коёт, анын бири ушул нике кайып. Жогортодон буйрук болбосо, жолдошум Оштон келип, тээ Таластын бир кычыгында жашап жаткан кызды таппаса деле керек. Мен айылдан шаарга келгенимде адабият мугалимим Бектур Исаков бир нече ырларымды редакцияда иштеп жаткан Мелис Эшимканов, Мамат Сабыровго окшогон журналисттерге берип, табыштап кеткен экен. Ошентип, таанышып калганбыз. Чыгармачылык тууралуу байланышып турдук. Бир жылга деле жеткен жок тааныш болгонубузга, бир күнү машине айдатып келип, капыстан эле “кеттик” деди, макул болдум. Сиз айтмакчы, ала качып кеткен. Ошентип, Ош тарапка кеттик. Турмушума эч өкүнбөйм. Дүйнөдөгү эң бактылуу аялзатынын биримин.

- Чыгармачыл үй-бүлө болгон кандай экен?

- Мен жакшы жагын гана көрөм. Чыгармачыл адамга чөйрө деген аба-суудай керек. Эгер ал нерсе үйүңдө болсо, андан жакшы. Аял бала-чака үй-бүлөгө башкача көңүл бурган жан эмеспи, ушул жаатынан алганда мени жөлөп-таяп, жол көрсөткөн чыгармачыл жанга туш келбесем, балким, жазбай калат белем (?) деген да ойлор келип кетет...

- Кайсы маалда ыр жазасың?

- Көбүнчө түн ичинде жазам. Караңгылык менен жалгыз, ээнэркин калып. Жумушта отурганда деле материалдарды жазып бүтүрүп коюп, ырларыма киришип кеткем. Макала жазып бүтүрүп койгондугум көңүлүмө эркиндикти алып келет. Үйдө болсо, мисалы, куда тосо турган болсом, бүт дитимди конокко арнайм. Үй оокат, базар деп чуркамай бар да. Компьютеримди карап-карап коём, ыр жазгым келет, бирок, жазбайм. Себеби, эркин эмесмин ал убакта. Бирок, саптар көңүлгө жыйнала берет.

- Бош убакытты кандай өткөрөсүң?

- Бош убактым деле жок. Ойлоп көрсөм, турмушка чыкканы эле бош убактым болбоптур. Келин-кесек менен ушак-мушак айтышып, отуруш-мотуруш дебептирмин. Бирдеме менен эле алек боло берем. Кичине чарбагыма эгин-тегин айдайм. Гүл тигем. Ушул азыр деле убакытты аяй берем. Идиш жууп жатсам, кулагым менен ыр-күүлдөрдү, насаат сөздөрдү угам.

“Бу сынак, дүйнөгө сыналганы келдик” деп айтылат эмеспи. “Сыналганы келдик” деген сөз – “өмүргө өлүү үчүн келгенбиз” деген сөз. Түбөлүктүүлүккө даярдануу. Айтор, менин бар болуумдун жарыгы башка мен тааныбаган адамдарга да тийсе дейм. Албетте, менин жарыгыма эч ким муктаж эместир, бирок мен өзүм муктажмын. Адамдарга болгон муктаждык – Кудайга болгон муктаждык.

- Жараткан Кудайды качан тааныдым деп ойлойсуң?

- Бала болуп жерге түшкөнү эле тааныган сыяктуумун. “Кудай” деген сөздү кулагым укпаса да кимдир бирөөнүн бар экенин сезчүмүн.

- Кара сөз, ыр да жазасың. Кээде кара сөздөрүң ырга окшошуп куюлушуп кетет, ыр жазганың үчүн болсо керек?

- Балким. Мага Тонино Гуэрранын чыгармалары жагат. Мамат да башына жаздап алып окуйт. Ал айтат, “көрсө, акын проза жазса ыр болуп кетет турбайбы” деп. Мен ойлойм, балким прозаик ыр жазса кыйналып калышы мүмкүн, акын проза жазгандан эч кыйналбайт.

- Түштүктүн кулуну Маматтын таасири болгонбу дейм?

- Ооба, менин акыйкат издөөмдө ал кишинин абдан эле таасири бар. Анын айтканы мага мыйзам, эмне айтса туура көрөм. Ыраматылык апам менен атам жүрөктөрү таза, намаз окуган жакшы кишилер болчу. Биз жаш кезде биринчи жолу шаарга, биздин үйгө келишти. Биз анда орустун эки бөлмөлүү кичинекей квартирасында турчубуз, ортосунда эшиги жок эле.

Түнкүсүн түшүмөн чочуп ыйлап калып атпаймынбы. Эртең менен атам “Динара, отурчу мындай” деп отургузуп алып дем салды. Атамдын үнү бир сонун, уккулуктуу экен. Ошондо биринчи жолу кырааты менен окулган куранды уккам. “Дем салат” дегенди биринчи жолу көргөм.

- Динара, сен жана “ак деген сөз өмүр, өлүм” дебедиңби, өлүм деген эмне?

- Биз материалдык көз караш менен жарыктын өчкөнү – жакшылыктын бүткөнү, күндүн батканы катары түшүнөт экенбиз. Ал эми даанышмандар өлүмдү бир жашоодон экинчи бир жашоого өткөзгөн өтмөк дешкен. Жандын бир жашоо формасынан экинчи бир жашоо формасына өткөнү деп эсептешкен.

Жандын түбөлүк экенин илим дагы айтат. Бирөө кыркка чыгат, бирөө сексенге чыгат. Бирөө бай жашайт, бирөө кедей жашап жүрүп өтүп кетет. Бирөө бир байкушту ак жеринен күйгүзүп набыт кылып коюп, өзү узак жылдар жыргап-куунап өмүр сүрөт.

Эгер ыйык китептерде “өлүм – өмүрдүн башталышы” деп айтылгандай, башталган өмүрдө күйгүзгөн отто күйүп, күйгөн кишиге жакшылык жок болсо, Кудай калыстыктан тайган болуп калмак. Кудайдын даанышмандыгы чексиз да, Жараткандын билгенине биздин акылыбыз жетпестир...

- Өмүр дегенчи?

- Өмүр – адамга бир эле жолу берилчү аманат. Болгондо да убактылуу берилген аманат. Анан аны сен кандай пайдаланасың – ал сенин эркиң. Өзүңө да, башкага да пайдалуу колдоно алсаң, анда адам сыяктуу жашаганың.

Эгер адам баласы башынан жаңылбай тургандай эрктүү, күчтүү болгондо, Кудай ага эч бир кыйынчылыктарды бербесе деле керек. “Ар жамандыктын артында жакшылык бар” дегендей, кыйынчылык – көкүрөк көздү ачып, көз алдыңдагы түз жолду көрсөтүп берет тура.

Булак: Азия News гезити

Последние новости